Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:11

Каза болгон пенсионердин каражаты мураскерге төлөнөт

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Пенсия курагындагы жаран каза болуп калган учурда анын пенсиясынын топтомо бөлүгү мураскерине төлөнүп берилет. Ал үчүн анын мураскер экенин далилдеген документ талап кылынат. Бул тууралуу 5-декабрда парламентте “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” мыйзам талкууланып жаткан учурда айтылды. Социалдык фонддун жетекчисинин орун басары Гүлнара Жуматаеванын айтымында, быйыл 1-ноябрга чейин 180 миң адам пенсиянын топтомо бөлүгүн алды.

- Пенсиянын топтомо бөлүгү 2010-жылдан бери кирген. Ал өзүнчө мыйзамдын негизинде төлөнүп берилет. Эгер расмий органда иштебесе топтомо бөлүгү жок болушу ыктымал. Айылда жер иштетип, жеке ишкерлик менен алектенсе, алардын топтомо бөлүгү болбойт.

Айрым депутаттар пенсияга чыгып, бирок анын үзүрүн көрбөй калгандар көп экенин айтышты. 

Учурда Кыргызстанда 648 миң пенсионер бар. Мындан тышкары, мамлекеттик бюджеттен 21 миң аскер кызматкери пенсия алат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда орточо пенсиянын өлчөмү 5401 сом болсо, орточо айлык 15 700 сом. Жыл сайын 40-45 миң адам пенсияга чыгат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG