Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:29

Вашингтондо Жорж Буштун тажиясында Трамп сүйлөбөй турган болду


АКШнын 41-президенти, Жорж Буштун улуусу 30-ноябрда 94 жаш курагында дүйнө салган.
АКШнын 41-президенти, Жорж Буштун улуусу 30-ноябрда 94 жаш курагында дүйнө салган.

5-декабрда АКШнын экс-президенти, маркум Жорж Бушту акыркы сапарга узатуу иш-чараларына байланыштуу Вашингтондун бир канча жерине чектөө киргизилет.

Американын 41-президенти, Жорж Буштун улуусу 30-ноябрда 94 жаш курагында дүйнө салган. 5-декабрда Вашингтондогу улуттук кафедралдагы мамлекеттик коштошуу зыйнатында анын уулу, экс-президент, кичүү Жорж Буш, ошондой эле Канаданын мурдагы премьер-министри Брайан Малруни жана башкалар сөз сүйлөйт.

Бирок Буштун үй-бүлөсүн сындап келген азыркы президент Дональд Трамп сөз албайт. Бул 1973-жылдан бери биринчи жолу мурдагы мамлекет башчысын акыркы сапарга узатууда кызматтагы президент сөз сүйлөбөйт дегенди билдирет.

Кошмо Штаттардын көзү тирүү мурдагы президенттери - Жимми Картер, Билл Клинтон жана Барак Обама тажияга жубайлары менен катыша турганы кабарланды.

Маркум Жорж Буштун сөөгү 6-декабрда Хьюстондо, анын президенттик китепканасынын аймагында, жубайы Барбаранын жанында жерге берилет.

XS
SM
MD
LG