Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:02

Кыргызстанга Түркия парламентинин төрагасы келет

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркия парламентинин төрагасы Биналы Йылдырым Бишкекке расмий иш сапары менен келет. 6-7-декабрга белгиленген сапардын алкагында ал төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Андан тышкары премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Бинали Йылдырымдын жолугушуусу да болот. 

Ал эми 7-декабрь күнү расмий делегация “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде болуп, 1916-жылы "Үркүндө" каза болгондордун жаркын элесине жана 1930-жылдардагы репрессиянын курмандыктарына арналып салынган мемориалга, ошондой эле улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүлчамбар коюшат. Андан соң Айтматовдун 90 жылдыгына карата Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өткөрүлүүчү иш-чараларга катышат. (КЕ) 

XS
SM
MD
LG