Нарын шаарында хоккей боюнча Нарын лигасынын алгачкы сезонунун оюндары башталды. Лиганын президенти Нурбек Ташболот уулунун айтуусунда, 4-декабрда башталган оюндар 10-декабрга чейин уланат.
Ага Кыргызстандан, Орусиядан жана Казакстандан 6 команда: “Арстан”, “Кыргыз темир жолу” (Бишкек), “Нарын бүркүттөрү”, “Кеңеш учкучтары” (Нарын облусу), Алмата шаарынын “Енбек" жана Орусиянын Новосибирск шаарынын “Омега” командалары катышып жатат.
Нарын хоккей лигасы быйыл жаңы негизделди. Оюндар жыл сайын эки турда (кыш жана жаз мезгилинде) өтөт. Биринчи турда командалар 5 оюн өткөрүп, төрт мыкты команда финалдык бөлүккө жолдомо алат. Алгачкы мелдештин финалдык бөлүгү 2019-жылдын март айында өтөөрү айтылууда. (GT)