Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:01

Кыргыз футболунун мыктылары тандалды


“Football Awards-2018” сыйлык тапшыруу салтанаты.
“Football Awards-2018” сыйлык тапшыруу салтанаты.

Кыргызстандын футбол федерациясы 2018-жылдын жыйынтыгын чыгарып, футбол жаатында ийгиликке жеткендерге сыйлык тапшырды. 5-декабрда “Асанбай” борборунда өткөн салтанатта 10 номинация боюнча мыктылар тандалды.

“Жылдын мыкты футболчусу” деп “Дордой” футбол клубунун жарым коргоочусу Кайрат Жыргалбек уулу табылса, ушул эле клубдун машыктыруучусу Александр Крестининге “Жылдын мыкты машыктыруучусу” наамы ыйгарылды. Кайрат Жыргалбек уулу “Мыкты футболчу” наамына ат салышкан командалашы Бекжан Сагынбаев (“Дордой”) менен Эдгард Бернхрадды (“Пыхы”) артта калтырган.

Ардагерлер лигасынын мыкты оюнчусу - Евгений Пилипас, “Жылдын мыкты футболчу айымы” - Айжан Боронбекова, “мыкты футзал оюнчусу” - Улан Байгазы уулу, “Жылдын мыкты калысы” - Димитрий Машенцев болуп табылса, “Жылдын аракетчил клубу” наамы “Кара-Балта” футбол клубуна берилди.

“Жылдын олуттуу жетишкендиги” наамы 2019-жылы Дубайда өтө турган Азия Кубогуна жолдомо уткан Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасына ыйгарылды. “Жылдын сыймыгы” наамын 19 жашка чейинки кыздардын курама командасы алды.

Кыргызстандын футбол боюнча чемпионаты ТОП-ЛИГАнын “Мыкты оюнчусу” ,jkeg Кочкор-Аталык “Нефтчи” командасынын коргоочусу Шерзод Шакиров аталды.

“Football Awards” сыйлыгы Кыргызстандын футбол федерациясы тарабынан 2015-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. (GT)

XS
SM
MD
LG