Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 02:31

Йемен боюнча эки жылдагы алгачкы тынчтык сүйлөшүүсү башталууда


Дарыгер ачарчылыктан жапа чеккен баланы карап жаткан кези. Сана шаары, 7-октябрь, 2018-жыл.

Йемендеги жарандык согушту токтотуу аракетинде акыркы эки жыл ичиндеги алгачкы сүйлөшүүлөрдү Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) уюштурууда. Жаатташкан тараптар бул жолу Швецияга чогулду.

Сүйлөшүүлөр бүгүн башталганы турат. БУУ буга чейин да бир нече айлампа сүйлөшүүлөрдү өткөргөн, бирок мунаса табылган эмес.

БУУ азыр сунуш кылып жаткан план ок атышууну токтотуу менен катар Йеменде өткөөл өкмөт түзүүнү камтыйт.

Йемендеги азыркы жарандык согуш 2014-жылдын соңунда башталган. Жергиликтүү шиит жамааты жана "Иран колдойт" деген хуситтер өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүн, борбор шаар Сананы 2015-жылдан бери ээлеп турушат.

Сунни араб мамлекеттеринин Сауд Арабиясы баштаган коалициясы Йемендин президенти Абд-Раббу Мансур Хадинин өкмөтүнүн бийлигин калыбына келтириш үчүн хуситтерге каршы аскердик өнөктүктү 2015-жылдын март айында баштаган. Бирок алар көздөгөн максатына жете элек.

Буга чейин Йемендеги аба соккулары менен уруштардан 10 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылганы айтылып келген.

Бирок аскердик жаңжалдарга көз салган ACLED (Armed Conflict Location & Event Data Project) уюму 10-ноябрда Йеменде 2016-жылдан бери эле жайкын тургундар менен жоочуларды кошо эсептегенде 57 миң 538 кишинин өмүрү кыйылганын, ал эми согуштун 2015-жылдагы алгачкы тогуз айынын курмандыктарын кошкондо бул сан 70-80 миңге жетиши мүмкүн экенин жарыялаган.

БУУ Йеменде согушту ачарчылык коштогон кырдаалды “эң оор гуманитардык кризис” деп атаган. (UE)

XS
SM
MD
LG