Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун тажик кызматына айрым тажикстандык мигранттар кабарлашты.
Учурдагы эреже боюнча Тажикстандын мигранттары Орусияда жүрүү мөөнөтүн узартыш үчүн ар бир үч айда чек арадан өтүп турушат. Алар көбүнесе Украина менен Казакстанга чыгышат.
Тажикстандык Зухуриддин Гиёсов аттуу мигрант «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун тажик кызматынын кабарчысына айткандай, жакында казак-орус чек арасынан өтүүдө анын өзүнөн жана анын бир нече мекендешинен орусиялык чек арачылар сакалын алууну талап кылган.
Окуя Оренбург облусунун Казакстан менен чек арасындагы «Маштаково» көзөмөл-өткөрмө бекетинде болгон. Тажикстандык мигранттар Орусиянын аймагына сакалын алгандан кийин гана киргизилген.
Расмий эсеп боюнча Орусияда Тажикстандын бир миллиондон ашуун жараны миграцияда жүрөт.
Жыл башында Тажикстандын Борбордук банкы 2017-жылы мигранттар Орусиядан Тажикстанда расмий которгон акчанын көлөмү 2,5 миллиард доллардан ашканын кабарлаган. (UE)