Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

Кытайдын "Huawei" компаниясынын негиздөөчүсүнүн кызы Канадада кармалды


"Huawei Technologies" компаниясынын каржылык директору Ванчжоу Мэн. Архивдик сүрөт.
"Huawei Technologies" компаниясынын каржылык директору Ванчжоу Мэн. Архивдик сүрөт.

Кытайдын "Huawei Technologies" компьютердик жана телекоммуникация компаниясынын негиздөөчүсү Рен Чжэнфэйдин кызы, бул компаниянын каржылык директору Ванчжоу Мэн Канадада камакка алынды.

Батыш маалымат агенттиктеринин кабарларына караганда, ага "АКШнын Иранга каршы санкцияларын бузган" деген айып коюлушу мүмкүн.

Ванчжоу Мэн Ванкуверде 1-декабрда камакка алынган, бирок бул тууралуу 6-декабрда гана белгилүү болду.

Кытайдын Канададагы элчилиги бул камоого байланыштуу нааразылык билдирип, Ванчжоу Мэнди бошотууну талап кылды. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Канада менен АКШ камоо тууралуу түшүндүрмө бере электигин билдирди.

АКШнын Мамлекеттик департаменти окуяны азырынча комментарийлей элек.

АКШ Кытайдын "Huawei" компаниясына каршы иликтөө жүргүзүп жатканы тууралуу алгач быйыл апрелде "The Wall Street Journal" басылмасы жазып чыккан. Гезиттин маалыматына караганда, АКШнын бийлиги "Huawei" компаниясы америкалык өндүрүштөн чыккан өндүрүмдү АКШнын экспорттук мыйзамын бузуу менен Иранга жана башка өлкөлөргө сатканын иликтеген.

Жакында Кошмо Штаттардын администрациясы дүйнө боюнча өнөктөш өлкөлөрдү Кытайдын "Huawei" телекоммуникациялык компаниясынын жабдууларын колдонууну токтотууга чакырган.

Вашингтон бул компания Кытай бийлигинин пайдасына жашыруун тыңчылык кылат деп шек санайт. Бул тууралуу да америкалык "The Wall Street Journal" басылмасы жазып чыккан.

АКШ бийлиги өз чакырыгын Германия, Италия, Жапония жана башка өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрүнө, аларда Интернет кызматын көргөзгөн компанияларга багыттады.

Быйыл жыл башында АКШнын чалгын кызматтары "Huawei" жана ZTE корпорациялары Кытайдын өкмөтү менен байланышта деп шек санаган.(UE)

XS
SM
MD
LG