Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:52

Ооганстанда парламенттик шайлоонун Кабулдагы добуштары жокко чыгарылды


Президент Ашраф Гани шайлоодо добуш берип жаткан учур. 20-октябрь, 2018-жыл.
Президент Ашраф Гани шайлоодо добуш берип жаткан учур. 20-октябрь, 2018-жыл.

Ооганстандын шайлоо боюнча арыздарды караган Көз карандысыз комиссиясы (IECC) октябрь айындагы парламенттик шайлоодо Кабул провинциясында берилген добуштардын баарын жараксыз деп тапты.

Комиссиянын өкүлү Алирез Рохани 6-декабрда журналисттерге билдиргендей, бул чечимге "добуштарды бурмалоо" жана "туура эмес башкаруу" сыяктуу 25 түрдүү себеп негиз берген.

Анын айтымында, буга чейин ооган баш калаасы менен анын айланасындагы райондордогу мыйзам бузуулар боюнча жүздөгөн арыз-даттануулар келип түшкөн.

Ооган парламентинин төмөнкү палатасы - Лоя жырганын 250 депутатынын 33ү Кабул провинциясынан шайланат.

Быйыл 20-октябрдагы шайлоо учурунда Кабулдагы добушканалардын жанында бир нече бомба жардыруулары орун алып, андан кеминде 18 кишинин өмүрү кыйылган, 67 киши жараат алган. (UE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG