Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:01

Дүйнөдө эмгек мигранттарынын саны өстү


Өзбекстандык мигранттар Казакстандын түштүгүндөгү пахта талаасында. 2016-жылкы сүрөт.
Өзбекстандык мигранттар Казакстандын түштүгүндөгү пахта талаасында. 2016-жылкы сүрөт.

Эл аралык эмгек уюмунун жаңы баяндамасына караганда, дүйнөдө эмгек мигранттарынын саны 2017-жылдын жыйынтыгында 2013-жылкы 150 миллиондон 9% өсүп, 164 миллионго жетти. Алардын 96 миллиону эркектер, 68 миллиону аялдар.

Эмгек мигранттарынын 87% жакыны 25-64 жаштагылар. Бул маалымат Эл аралык эмгек уюмунун пикиринде, эмгек мигранттары көп чыккан айрым өлкөлөр жумушчу күчүнүн эң натыйжалуу катмарын жоготуп жатканын, мындан алардын экономикалык өсүшүнө терс кесепети тиерин көргөзүүдө.

Дүйнөнүн 164 миллион эмгек мигрантынын 111,2 миллиону же 67,9% кирешеси жогору, 30,5 миллиону жогору орто кирешелүү, 16,6 миллиону же 10,1% орто кирешелүү, 5,6 миллиону же 3,4% кирешеси төмөн өлкөлөрдө жүрүшөт.

Эмгек мигранттары азыр кирешеси жогорку өлкөлөрдөгү жумушчу күчүнүн 18,5% түзөт.

Дүйнө аймактарын бөлүп караганда эмгек мигранттарынын 23% Түндүк Америкада, 23,9% Түндүк, Түштүк, Батыш Европада, 13,9% араб өлкөлөрүндө иштеп жатышат. (UE)

XS
SM
MD
LG