Чүй облусунда алдамчылыктын 29 эпизодуна шектүү катары 39 жаштагы аял кармалды. Ал каржы пирамидасын мыйзамсыз түзгөн деп шектелүүдө.
Кармалган адамдын үстүнөн тор соодага 17 миң евросун салган Токмок шаарынын 51 жаштагы тургуну арызданган. Милиция берген маалыматка караганда, шектүү арызданган адамдан 2018-жылдын август айында акча алып, ай сайын "киреше берип турган" каржы пирамидасына каттай турганын убада кылган.
Бирок ал кирешени да, акчаны да кайтарып берген эмес.
Милициянын маалыматы боюнча, шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси боюнча ("Алдамчылык") кылмыш иши козголду.
Кармалган аял мындан башка дагы 29 эпизод боюнча шек саналууда. Алардын бардыгы боюнча кылмыш иши козголуп, иш бир өндүрүшкө бириктирилди. Милиция иликтөө иши аягына чыгып калганын билдирди.
Кыргызстанда акыркы мезгилде тор сооданын түрлөрү эсепсиз көбөйүп жатат. Мунун себебин адистер тез баюуну көздөгөн психология, ошондой эле жумушсуздук менен түшүндүрүшөт. (КЕ)