Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:29

БУУнун Башкы Ассамблеясында ХАМАСты айыптаган резолюция өтпөй калды


Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жалпы көрүнүшү. 25-сентябрь, 2018-жыл.
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жалпы көрүнүшү. 25-сентябрь, 2018-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясында ХАМАС радикалдык тобун Израилге каршы жүргүзгөн террорчулук аракеттерин айыптаган АКШнын резолюциясы өтпөй калды.

6-декабрда өткөн жыйында уюмдун курамындагы 87 мамлекет АКШ сунуш кылган резолюцияны колдосо, 58 мамлекет каршы добуш берди, алардын арасында Орусия, араб өлкөлөрү, Латын Америка мамлекеттери да бар. 32 мамлекеттин өкүлдөрү арсар добуш берди.

Американын БУУдагы элчиси Никки Хейлинин айтымында, "ХАМАСтын аракеттеринин террордук мүдөөсү талашсыз". Документтин долбоорунда палестиналык бул топту жайкын тургундарды коркунучка кептеген зомбулуктары үчүн айыптоо каралган. Тактап айтканда, ХАМАСтын Израилдин карапайым жарандарына каршы ракеталарды пайдаланганы мисал келтирилген.

Израилдин БУУдагы өкүлү Данни Данон резолюция Башкы Ассамблеяда өтпөй калганына өкүнүчүн билдирди.

Ушул жылдын июнь айында БУУнун Башкы Ассамблеясы Израилди Палестинанын жайкын тургундарына каршы “ашыкча күч колдонушун” айыптаган. Анда араб мамлекеттери сунуш кылган резолюция добушка салынганда 193 өлкөнүн 120су колдогон.

Башкы Ассамблеянын резолюциясынын укуктук күчү жок, бирок саясий салмагы бар.

XS
SM
MD
LG