Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Мигранттарды куткарган "Аквариус" кемеси өз ишин токтотот


Жер ортолук деңизиндеги "Аквариус" кемеси. 23-май, 2016-жыл.
Жер ортолук деңизиндеги "Аквариус" кемеси. 23-май, 2016-жыл.

"Чек арасыз дарыгерлер" (MSF) жана "Жер Ортолук деңизиндеги SOS" (SOS-Mediterranee) аттуу эл аралык уюмдар мигранттарды куткарууга багытталган "Аквариус" кемеси өз ишмердүүлүгүн токтотууга аргасыз экенин билдиришти. Алардын жүйөсүнө караганда буга Евробиримдик мамлекеттеринин "токтобогон чабуулу" түрткү болду.

MSF уюму Италияны жана башка Европа мамлекеттерин Италиянын, Мальтанын жана Ливиянын ортосундагы эл аралык сууларда 2016-жылдан бери 30 миңдей мигрантты сактап калган "Аквариус" кемесинин ишине "жолтоо кылып жатышат" деп айыптады.

"Европа издеп-куткаруу иштерин камсыз кылбастан, башкалардын адам өмүрлөрүн сактап калуу аракеттерине саботаж жасады", деп жазылат Нобел сыйлыгына ээ болгон уюмдун 6-декабрдын кечинде тараткан билдирүүсүндө.

Июнь айында "Аквариус" кемеси Европадагы саясий жана дипломатиялык кризистин символуна айланган. Анда Италия 630дай мигрантты алып келаткан кемени киргизбей, бардык портторун жаап салган.

"Аквариус" октябрь айынан бери Франциянын Марсел портунда токтоп турат. Ноябрь айында Италиянын бийлиги кемени камакка алууга буйрук берген. Буга "кеме Италиянын портторунда кадимки таштандылардын арасында уулу заттарды камтыган таштандыларды калтырган" деген кине негиз болгон.

XS
SM
MD
LG