Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:15

Германияда Меркелдин ордуна партиянын жаңы лидери тандалат


Германиянын канцлери Ангела Меркел партиясынын жыйынында. Гамбург, 7-декабрь, 2018-жыл.
Германиянын канцлери Ангела Меркел партиясынын жыйынында. Гамбург, 7-декабрь, 2018-жыл.

Германиянын бийликтеги "Христиан-демократиялык биримдиги" партиясы бүгүн, 7-декабрда Гамбургдагы курултайында жаңы лидерин тандаганы турат. Партияны 18 жылдан бери башкарып келген немис канцлери Ангела Меркелдин ордуна үч талапкер ат салышууда. Алар партиянын баш катчысы Аннегрет Крамп-Карренбауэр, христиан-демократтардын парламенттеги фракциясынын мурдагы лидери Фридрих Мерц жана саламаттык сактоо министри Йенс Шпан.

29-октябрда Меркел 2021-жылы канцлердик мөөнөтү бүткөндөн кийин кайрадан бул кызмат үчүн ат салышпай турганын, өз партиясынын жетекчилигинен жыл соңунда кетерин билдирген. Ал бул чечимин христиан-демократтар аймактык шайлоолордо ийгиликке жетпей калгандан кийин жарыялаган.

64 жаштагы Ангела Меркел 2000-жылы партиянын төрайымы болуп шайланган. Беш жылдан кийин канцлер болуп, андан бери бул кызматты колдон чыгара элек болчу.

XS
SM
MD
LG