Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:01

Меркелдин саясий сапары карый баштады


Немис канцлери Ангела Меркел.
Немис канцлери Ангела Меркел.

Немис канцлери Ангела Меркел мөөнөтү аяктагандан кийин кызматтан биротоло кетерин билдирди. Ал жыл соңунда бийликтеги Христиан-демократиялык партиянын жетекчилиги үчүн ат салышпай турганын да айтты. Меркел мындай чечимин өз партиясы аймактык шайлоолордо ийгилик жарата албагандан кийин жарыялады.

Германияны 13 жылдан бери башкарып келе жаткан 64 жаштагы Ангела Меркел дүйшөмбү күнү, өзү айткандай, немис саясатында жаңы барак ача турган билдирүү жасады.

Ал 2021-жылы канцлердик кызмат үчүн ат салышпай турганын, Германиянын Христиан-демократиялык биримдиги партиясынын жетекчилигинен жылдын соңунда кетерин жарыялады.

Меркел эл немис өкмөтүнүн иши ушундай калыбында уланбашы керектигин так билдиргенин, аны угууга мезгил келгенин кыйытты:

- Мен бүгүн жаңы баракты ачуу керектигин түшүнүп турам. Менин чечимдеримди сиздер менен бөлүшүүгө мезгил жетти. Биринчиден, Христиан-демократиялык биримдиктин декабрь айында Гамбургда өтө турган курултайында мен партиянын төрайымдыгы үчүн өз талапкерлигимди кайра көрсөтпөйм. Экинчиден, бул менин немис канцлери катары төртүнчү жана акыркы мөөнөтүм болот. 2021-жылдагы федералдык шайлоодо мен канцлердикке да, Бундестагга да талапкер болбойм. Протокол үчүн айтайын, мен андан ары кайсы бир саясий кызматты көздөбөйм.

Ангела Меркел 29-октябрда Берлинде журналисттердин алдында жасаган билдирүүсүндө партиясынын аймактык шайлоодо ийгилик жарата албаганы үчүн жоопкерчиликти өз моюнуна аларын кошумчалады.

Меркел партиянын жетекчилигине 2000-жылы келген. Беш жылдан кийин канцлер болуп, андан бери бул кызматты колдон чыгара элек болчу.

Аймактык шайлоодогу кезектеги начар көрсөткүч

Ангела Меркел христиан-демократтардын башчылыгына келген жыл, 18-декабрь 2000-жыл.
Ангела Меркел христиан-демократтардын башчылыгына келген жыл, 18-декабрь 2000-жыл.

Жекшембидеги Гессен аймагындагы шайлоодо Меркелдин партиясы 27 пайыздык көрсөткүчкө ээ болуп, мурдагы шайлоодон 11 пайыз аз добуш топтоду. Шайлоочулардын көбү канцлердин өзгөчө миграциялык саясатын сындап келе жаткан “Германия үчүн альтернатива” партиясына, ошондой эле “Жашылдар” партиясы ооп кеткени кабарланды.

Эки жума мурда Бавариядагы шайлоодо Меркелдин партиясынын өнөктөшү “Христиан-социалдык биримдиги” да болуп көрбөгөндөй жеңилүүгө учурап, парламенттеги 50 жылдан берки ээлик кылып келе жаткан көпчүлүк макамын жоготкон.

Адистер Меркелдин рейтингинин түшүп кетишине анын бир нече жыл мурун миллиондой качкынды өлкөгө киргизүү чечими өзгөчө себеп болгонун айтып келишет. Сентябрь айындагы сурамжылоолор немис жарандарынын 17 пайызы гана канцлерди колдой турганын көрсөткөнүн “Рейтер” агенттиги кабарлады.

Андыктан Меркелдин чечимин анын айрым партиялаштары да кубаттап жатышат.

- Ангела Меркел күчтүү бир чечим кабыл алды. Бул даанышмандык менен кабыл алынган, адилет чечим болду. Бул кадам Христиан-демократтар биримдигине жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт, - деди партиянын Гессен шаарындагы кеңсесинин башчысы Волкер Боуффиер.

Меркелдин ордун мелжегендер

Христиан-демократтар партиясынын төрагалыгына талапкерлигин көрсөткөн саясатчылар: (солдон оңго) Аннегрет Крамп-Карренбауэр, Йенс Шпан жана Фридрих Мерц.
Христиан-демократтар партиясынын төрагалыгына талапкерлигин көрсөткөн саясатчылар: (солдон оңго) Аннегрет Крамп-Карренбауэр, Йенс Шпан жана Фридрих Мерц.

Христиан-демократтар жаңы төрагасын декабрь айында шайламакчы. Ангела Меркел кайсы бир талапкерди башкалардан бөлүп көрсөтпөй турганын айтты.

Немис талдоочулары бийликтеги партиянын мүчөлөрүнүн арасында дароо алдыга озуп кете турган талапкер да жоктугун белгилеп жатышат.

Жергиликтүү басма сөз каражаттары үч талапкердин атын аташууда. Алардын бири Христиан-демократиялык биримдиктин Меркелге ыктаган баш катчысы Аннегрет Крамп-Карренбауэр партияны жетектөө үчүн ат салыша турганын жарыялады.

Мындан тышкары христиан-демократтардын парламенттеги фракциясынын мурдагы лидери Фридрих Мерц жана саламаттыкты сактоо министри Йенс Шпан да талапкерлигин көрсөттү.

Адистер алардын кимиси партиянын жетекчилигине келгенине жараша Бундестагдагы көпчүлүк коалициянын тагдыры жана немис канцлеринин кызматтагы мөөнөтү да аныкталарын белгилеп жатышат.

Былтыр сентябрь айындагы федералдык шайлоодо Ангела Меркелдин саясий биримдиги жалпы добуштардын 33 пайызын топтоп, парламенттик көпчүлүккө ээ боло алган эмес. Бул партиянын 1949-жылдан берки эң начар көрсөткүчү болуп калган.

Меркел жетектеген Христиан-демократтар биримдиги менен Бавариянын Христиан-социалдык биримдигинен куралган саясий биримдик бир нече айга созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин гана Социал-демократтар партиясы менен коалиция түзүп, быйыл жыл башында гана өкмөт куроого мүмкүнчүлүк алышкан.

Коалиция куроо маселесинде христиан-демократтардын арасында да Меркелдин саясатына карата пикирлер бир кылка эмес экени ачыкка чыккан.

Ангела Меркел 2005-жылдан бери Германиянын башкы саясий кызматын аркалап келет. Ал Европаны каптаган улутчул жана популисттик кыймылдарга туруштук берген жана чөлкөмдөгү саясий карьерасы узакка созулган саналуу лидерлердин бири катары мүнөздөлүп келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG