Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Германияда өкмөттү түзүүдө мунаса табылды


Канцлер Ангела Меркел (ортодо), социал-демократтардын лидери Мартин Шульц (оңдо) Бавариянын Христиан-социалдык партиясынын лидери Хорст Зеехофер Берлиндеги маалымат жыйынында, 7-февраль 2018-жыл.
Канцлер Ангела Меркел (ортодо), социал-демократтардын лидери Мартин Шульц (оңдо) Бавариянын Христиан-социалдык партиясынын лидери Хорст Зеехофер Берлиндеги маалымат жыйынында, 7-февраль 2018-жыл.

Немис канцлери Ангела Меркелдин саясий биримдиги акыры Социал-демократтар партиясы менен коалициялык макулдашууга жетишти. Эки тарап өкмөттөгү башкы министрликтерди бөлүштүрүү маселесинде кепке келишти.

Дээрлик төрт жарым айга созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Германияда чоң парламенттик коалиция түзүлөөрү анык болуп калды. Канцлер Ангела Меркел жетектеген Христиан-демократтар партиясы менен Бавариянын Христиан-социалдык партиясынан куралган саясий биримдик Мартин Шульцтун Социал-демократтар партиясы менен коалициялык келишим түзүп, жаңы өкмөттүн курамын чогуу аныктамай болушту.

Ага ылайык, Социал-демократтар партиясына өкмөттөгү Тышкы иштер жана Каржы министрликтери баш болгон алты министрлик тийди. Шульц өзү тышкы иштер министрлигин жетектегени турат.

Эгер тараптар мунаса табышпаса, Германияда кайра парламенттик шайлоо өтмөк. Ошентсе да коалициялык келишим ишке кириши үчүн ага Социал-демократтар партиясынын мүчөлөрү алдыңкы апталарда добуш бериши керек. Меркел менен Шульц келишим колдоо табаарына ишенип турушат.

"Биздин партиянын жыйыны болот. Анда чечим кабыл алынат. Министрликтерди бөлүштүрүүдө ыкка көнгөн учурларыбыз болду. Бирок биз дале болсо маанилүү министрликтерди сактап калдык",-деди канцлер Ангела Меркел.

Ангела Меркелдин шайлоо маалындагы Берлиндеги көрнөк-жарнактарынын бири.
Ангела Меркелдин шайлоо маалындагы Берлиндеги көрнөк-жарнактарынын бири.

Шайлоодон кийинки сыноо

24-сентябрдагы парламенттик шайлоодо Ангела Меркелдин саясий биримдиги добуштардын 33 пайызын алып, парламенттик көпчүлүккө ээ боло алган эмес. Бул партиянын 1949-жылдан берки эң начар көрсөткүчү болуп калган.

Марага экинчи келген социал-демократтар добуштардын 21 пайыздайын гана алып, парламенттеги бир катар орундарынан ажыраган. Бирок "Германия үчүн альтернатива" партиясы үчүнчү келип, соңку 60 жылда Бундестагга кирген биринчи ашкере-оңчул партияга айланган.

Шайлоодон кийин социал-демократтардын лидери Мартин Шульц өз партиясы мындан ары Меркелдин саясий биримдиги менен коалиция түзбөй турганын, оппозицияга кетерин жарыялаган. Ошентсе да Меркелдин майда партиялар менен сүйлөшүүлөрү ийгиликсиз аяктагандан кийин Шульц оюн өзгөртүп, сүйлөшүүгө макул болгон.

Европа Биримдигинин "кыймылдаткыч күчү" деп мүнөздөлгөн Германияда өкмөттүн куралбай жатканы чөлкөмдө ар кыл тынчсызданууларга себеп болгон эле. Шаршембидеги коалициялык келишимден кийин Мартин Шульц Европаны жоошуткандай болду:

"Европа саясатына байланыштуу билдирүүлөрүбүздө маанилүү бир сүйлөм бар: Германия Европанын бюджетине көбүрөөк каражат бөлүүгө даяр".

Германиядагы коалициялык сүйлөшүүлөр дээрлик төрт жарым айга созулду.
Германиядагы коалициялык сүйлөшүүлөр дээрлик төрт жарым айга созулду.

Сүйлөшүү эмне үчүн узакка созулду?

Меркелдин саясий биримдиги менен Мартин Шульцтун партиясы 2005-жылдан бери бир нече жолу бир коалицияда болушкан. Күздөгү шайлоодон кийин Социал-демократтар партиясынын бир катар мүчөлөрү иммиграция саясатынан улам катуу сынга кабылган канцлердин партиясы менен кайра коалиция түзүүгө каршы болушкан. Алар Меркелдин өкмөтүнө кайра кошулуу шайлоочулардын болочоктогу тандоосуна тескери таасирин тийгизи мүмкүн деп тынчсызданышкан.

Мындан тышкары бул жолку коалициялык сүйлөшүүлөрдө эки тарап иммиграция, жумушчулардын укуктары, Европанын келечеги сыяктуу бир катар маселелер боюнча да кепке келе албай жатышты.

Кантсе да бул эки партиянын орток "атаандашы" - "Германия үчүн альтернатива" партиясы бар. Эки тарап тең исламга, миграцияга, Евробиримдикке каршы кескин чакырыктары менен таанымал бул партиянын таасири күчөп жатканына кабатырланып турушат.

Партиянын тең-төрагасы Александр Гауланд Меркелдин партиясы кайра шайлоого барбоо үчүн Социал-демократтардын талабына көнгөнүн айтты:

"Коалициялык келишим жөнүндө эмне деп ойлоп жатканымды билгиңиз келеби? Сизге бир сөз менен гана айтып бере алам. "Жаман башкаргыча, башкарбай койгон артык". Христиан-демократтар партиясы социал-демократтардын мүчөлөрүнүн чечиминен коркуп эле карманган идеяларынан толугу менен баш тартып койду".

Германиядагы "Баадер Банк" инвестициялык банкынын аналитиги Роберт Халвер "Рейтер" агенттигине берген комментарийинде өлкөдө саясий туңгуюк аяктап, өкмөттү куроого анык кадам ташталганын кубаттады. Бирок ал узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин түзүлө турган чоң коалицияда кызыкчылыктардын кагылышы көп болоорун эскертти.

Бул - 63 жаштагы Меркел канцлерлик кызматка келген 13 жылдан берки Германиядагы эң чоң саясий кризис болуп калды. Канцлер айым коалициялык сүйлөшүүлөрдү макулдашуу менен бекемдеп, шайлоодон кийинки сыноону ийгиликтүү өтчүдөй болуп калды. Эми Социал-демократтардын мүчөлөрү келишимди колдосо, Меркел чоң коалицияны да ийгиликтүү башкарышы керек болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG