Линктер

жума, 17-август, 2018 Бишкек убактысы 16:09

2017: Европаны тооруган популизм


Германиянын канцлери Ангела Меркел Таллиндеги саммитте, 29-сентябрь 2017-жыл.

2017-жыл - Европадагы интеграциячыл көз караштагы саясатчыларды жана аларга чакырык таштаган ашкере улутчулдар менен популисттерди сынаган жылдардын бири болду.

Европа саясий сыноодон кандай өттү?

Жыл соңун утурлай Чехиянын борбору Прагада өзгөчө окуя болду. Бул шаарга Европанын ашкере улутчул жана популист саясатчылары 15-16-декабрда конференцияга чогулушту. Алардын арасында исламга, мигранттарга жана Евробиримдикке каршы кескин кеп-сөз айтып жүргөн француз саясатчысы Марин Ле Пен, Нидерланддардын мусулмандарга каршы партиясынын лидери Гирт Вилдерс жана Чехиядагы быйылкы шайлоодо "Исламга жана террорго жол жок" деген ураан менен 200 орундуу парламентте 22 мандатка ээ болгон теги жапон саясатчы Томио Акамура бар.

Акамуранын "Эркиндик жана түз демократия" партиясы уюштурган Прагадагы жыйынга келгендер бир ооздон Европа Биримдигин сынга алышты.

"Биз ксенофоб эмеспиз. Биз Евробиримдиктин каршылаштарыбыз. Себеби Европа Биримдиги - өтө зыяндуу уюм. Ал биздин континентти кыйратат, аны мигранттарга шыкап коет. Көп түрдүүлүктү жок кылат. Голландиялыктар голландиялык, чехтер чех, француздар француз, италиялыктар италиялык болушсун", - деди Франциядагы "Улуттук фронт" партиясынын лидери Марин Ле Пен.

Нидерланддардын "Эркиндик" партиясынын лидери Гирт Вилдерс (оңдо) жана Франциядагы "Улуттук фронт" партиясынын жетекчиси Марин Ле Пен.
Нидерланддардын "Эркиндик" партиясынын лидери Гирт Вилдерс (оңдо) жана Франциядагы "Улуттук фронт" партиясынын жетекчиси Марин Ле Пен.

Европанын интеграциячыл көз караштагы лидерлерин сестенткен бул саясатчыларга Прагада жоон топ активисттер каршы чыгып, нааразылык акциясын да өткөрүштү. Бул окуя Европада ашкере улутчулдар менен интеграцияны жактагандардын же бири-биринен кескин айырмаланган идеялардын саясий кармашы жүрүп жатканын айгинелеп койду.

Популизмдин башаты

Евробиримдиктин адам укуктарын алдыга койгон, биригип иш алып барууну алга сүрөгөн баалуулуктарына чакырык таштаган ашкере оңчул жана популисттик идеялардын соңку толкуну 2016-жылы башталган.

Британия Европа Биримдигинен чыгууну чечкени, АКШда миграция жана мусулмандар тууралуу кескин сөздөрдү айткан Доналд Трамптын президент болуп шайланышы Европада гана эмес, дүйнөнүн бир катар аймактарында улутчул, антимиграциялык жана популисттик кыймылдарга дем берген.

Натыйжада Дүйнөлүк экинчи согуштун кандуу кесепетинен кийин Батыш өлкөлөрүндө анча баш көтөрбөгөн улутчулдук күчөдүбү, саясий истеблишмент популист саясатчыларга туруштук бере алабы деген суроолор жаралган.

2017-жылдагы Европанын бир катар мамлекеттериндеги шайлоо, референдумдар болсо лакмус кагазы болуп калды.

Франция

Француз президенти Эммануэл Макрон.
Француз президенти Эммануэл Макрон.

Май айында Франциядагы президенттик шайлоонун акыркы айлампасында ашкере оңчул талапкер Марин Ле Пен менен борборчул жаш саясатчы Эммануэл Макрон ат салышып, анда улутчул талапкер жеңилүү ызасын тартты.

Бул жаңылык Евробиримдиктин лидерлеринин санаасын кыйла тынчыткансыды. Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск Макронду куттуктап жатып, уюмдун келечегине шек келтирген популист саясатчыларга каршы күрөштүн "стратегиясын" жарыялагандай болду:

"Коопсуздук, коргонуу, намыс сыяктуу сөздөр биздин саясий сөздүгүбүзгө кайра кайтышы керек. Коомдук талкууларда бул терминдерге экстремисттер менен популисттер гана ээлик кылып албашы керек. Бүгүн алар коомдук коркуу менен белгисиздиктен уятсыздык менен пайдаланып, авторитаризмге жана уюшкан жек көрүүчүлүккө негизделген моделдерин куруп жатышат. Биздин жообубуз абдан анык жана чечкиндүү болушу керек. Ал мүмкүн экенине сиз мыкты далил болуп бердиңиз".

Нидерланддар, Германия, Австрия

Француз шайлоосунун алдында, 15-мартта Нидерланддарда парламенттик шайлоо болуп, анда "ашкере оңчул жана исламга каршы Гирт Вилдерстин партиясы алдыга чыгат" деген жоромолдор ишке ашкан жок. Бирок ал шайлоодо премьер-министр Марк Рюттенин партиясы добуштардын басымдуу бөлүгүн алса да, Вилдерс тарапкерлерин парламентке алып кирүүгө жетишти.

"Миллион качкынды кабыл алам деп билдире коюп, ашкере оңчулдардын чырагына май тамызган Германиянын канцлери Ангела Меркел да быйыл сентябрь айында чоң сыноодон өттү. Германияны 12 жылдан бери башкарып келе жаткан Меркелдин саясий биримдиги шайлоодо биринчиликти камсыз кылганы менен соңку бир нече шайлоодогу начар көрсөткүчкө ээ болуп калды. Натыйжада коалиция түзүү мурдагыдай оңой болгон жок.

"Германия үчүн альтернатива" партиясынын курултайы. Штутгарт, 1-май, 2016-жыл.
"Германия үчүн альтернатива" партиясынын курултайы. Штутгарт, 1-май, 2016-жыл.

Эң кызыгы - качкындар менен мигранттарга караманча каршы турган "Германия үчүн альтернатива" партиясы биринчи жолу Бундестагда мандатка ээ болуп, соңку 60 жылда парламентке келген алгачкы ашкере оңчул партия болуп калды. Буга карабастан Меркел "ашкере оңчулардарга мүмкүнчүлүк берилбейт" деп катуу эскерткени бар:

- Биз "Германия үчүн альтернатива" партиясынын" парламентке кириши менен чоң сыноого туш болуп жатканыбыз анык. Биз бул партия уткан добуштарды шайлоочулардын көйгөйүн угуу менен, эң башкысы мыкты саясат аркылуу кайра алабыз.

Германияны улай Австриядагы 15-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Себастиан Курц жетектеген Элдик партия жеңишке жетип, ал эки айга созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин ашынган оңчулдардын "Эркиндик" кыймылы менен коалиция түзүп, улутчулдар менен өкмөт курады.

Каталондордун Испаниядан бөлүнүү аракетин да популисттик кадам катары сыпаттагандар болду.

Эксперттер эмне дейт?

Бир караса 2017-жылдагы саясий окуялар Европанын негизги интеграциячыл саясатчылары популисттер менен күрөштө жеңишти колдон чыгарбагандай сезилет. Бирок абал көрүнгөндөн алда канча начар экенин Тышкы мамилелер боюнча европалык кеңештин Европа боюнча директору Суси Деннисон "Азаттыкка" айтты.

- Европадагы шайлоолордо атаандаштык канчалык күчтүү болгонун эстен чыгарбашыбыз керек. Франциядагы шайлоону алсаңыз, экинчи айлампада Марин Ле Пен утулганы чын. Бирок байкасаңыз биринчи эмес, экинчи айлампада утулуп жатат. Айрымдар Эммануэл Макрон үчүн эмес, Ле Пенге каршы добуш беришти. Буга карабастан Ле Пен добуштардын үчтөн бирин алып жатат. Бул кыйла чоң көрсөткүч. Андыктан жеке өзүм популизмдин таасири басаңдады деп айта албайм. Европадагы шайлоочуларды тынчсыздандырган маселелер популизмди күчөтүп жатат.

Популизм күчөбөсө, азайбай жатканын Европадагы соңку бир канча он жылдыктагы шайлоолорду талдаган "Блумберг" басылмасынын соңку маалыматы да тастыктап турат. Ага ылайык, учурда Европанын 22 өлкөсүндө популисттер менен ашкере оңчул партиялар соңку 30 жылдагы эң жогорку рейтингге жетти. Маселен, Европа аймагындагы акыркы бир канча шайлоолордо мындай партиялар жалпы добуштардын 16 пайызына ээ болгон. Бул көрсөткүч он жыл мурункуга караганда 11 пайызга, 1997-жылга салыштырмалуу беш пайызга көптүк кылат.

Венада улутчул өкмөт түзүлгөнүнө нааразылык билдирип чыккандар, 18-декабрь 2017-жыл.
Венада улутчул өкмөт түзүлгөнүнө нааразылык билдирип чыккандар, 18-декабрь 2017-жыл.

Эл аралык саясат таануучулар популизмдин жайылышын шарттаган эки негизги факторду баса белгилешет. Биринчиси - акыркы он жылдагы Еврозона туш болгон экономикалык каатчылык, экинчиси - 2015-жылы өзүнүн туу чокусуна жеткен миграция кризиси.

Жакынкы Чыгыш жана Батыш Африкадан Европага агылган мигранттар агымынын күчөшү, аларды жайгаштыруу сыяктуу маселелер карапайым европалыктардын арасында ача пикирлерди жаратты. Тынымсыз террорчул чабуулдар да мигранттар менен качкындарга каршы чыккандарын катарын калыңдатты.

Натыйжада бул маселе Европадагы дээрлик ар бир шайлоодо эң көп талкууланган темага айланды. Ал түгүл мигранттарды бөлүштүрүү маселесинде Евробиримдиктин өзүндө кайчы пикирлер жаралып, уюм менен "Вышеград төрттүгү" атка конгон Польшанын, Чехиянын, Венгриянын жана Словакиянын ортосунда пикир келишпестиктер чыкты.

Тышкы мамилелер боюнча европалык кеңештин Европа боюнча директору Суси Деннисон миграция, террорчулук, каатчылык сыяктуу маселелер шайлоолордо көнүмүш көз караштагы партиялардын көрсөткүчтөрүн начарлатканын, бул жагдай алдыңкы жылдары улана берерин айтат:

- Натыйжада Европа аймагында мурдагыдан алсыз, аз сандагы депутаттардан турган коалициялар түзүлүп жатат. Бул өз кезегинде өкмөттөрдүн өз саясатын ишке ашыруусуна тоскоол болот. Мындай жагдай ансыз да "өкмөт бизди укпайт" деген шайлоочулардын кыжырдануусун ого бетер күчөтөт. Бул жакынкы келечекте популисттик идеяларды азыктандыра берет.

АКШ менен Британия

Европанын бир катар аймактарында популисттик кыймылдар кайратынан тайбаганы менен Британия менен АКШдагы абал башкача жагдайды каңкуулап тургансыйт. Себеби Британияда канча жылдан бери Евробиримдиктен бөлүнүүнү талап кылып келген, улутчул катары мүнөздөлгөн ЮКИБ партиясынын рейтинги учурда төмөнкү чекте турат. Адистер Брексит референдумунун экономикага тийгизген терс таасири, Евробиримдик менен сүйлөшүүлөрдөгү кыйынчылыктар шайлоочулардын тандоосун өзгөрткөнүн айтышат.

АКШ президенти Доналд Трамп.
АКШ президенти Доналд Трамп.

2016-жылкы шайлоо өнөктүгү маалында кескин убадалары менен дүйнөнүн көңүл бурган АКШ президенти Доналд Трамптын саясаты да зымга тизгендей жүргөн жок. Соттор Трамптын бир катар мусулман өлкөлөрдүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салган буйругуна бир нече жолу бөгөт коюшту. Анын Мексика менен АКШнын чек арасында дубал орнотуу сыяктуу убадалары да аткарыла элек.

Декабрда Алабама штатында өткөн Сенатка кезексиз шайлоо да президент Доналд Трамптын саясаты менен салмагын сынагандай болду. Анда 25 жылдан бери штатты колдон чыгарбай келаткан республикачылардын талапкери, президент Трамп өзү колдогон Рой Мур демократтардын талапкери Даг Жонско утулуп калды.

Популизмдин Борбор Азиядагы эпкини

Ошентсе да президент Трамптын жеңиши жана Брексит референдуму дүйнө аймагында айрым саясатчыларды шыктандырууну улантууда. Жапониядагы Кобе университетинин магистранты, саясат таануучу Даниел Кадырбеков Батыш өлкөлөрүндөгү популизм жана ашкере оңчул идеялар дүйнө аймагындагы өзгөчө авторитаризмге ыктаган өлкөлөргө майдай жагып жатканын айтат:

Эксперт Даниел Кадырбеков.
Эксперт Даниел Кадырбеков.

- Экинчи, үчүнчү баскычтагы мамлекеттерге, авторитардык мамлекеттерге кудай берет. Себеби либералдык тартиптин, демократиянын символу деген Америкадан тартып Европага чейинки популизмге алдырган учурлар автократиялык режимдерге шылтоо болуп берет. Өзү каалаганын кылып, бийлигин күчөтүп, өз күн тартибин жылдырганга аракет кылат.

- Демек, популизмдин дүйнөдөгү соңку толкунун эпкини мурдагы советтик өлкөлөргө, алардын ичинде Борбор Азияга да тийди деп айтууга болобу?

- Албетте. Байкасаңыз, демократиялык мамлекеттер экономикалык, саясий, глобалдык атаандаштыкта лидер болгону үчүн алар стандарттарды аныктап, авторитардык мамлекеттер кичине болсо да анча-мынча көйгөйдү чечкенге аракет кылышкан. Азыр эч кимди үлгү катары көрбөгөнү үчүн Борбор Азия мамлекеттеринде кайра ал нерсе күчөдү. Мисалы, чет өлкөлүк агенттер тууралуу мыйзамдар, террорчулук боюнча шектүүлөрдү, күнөөлүүлөрдү өз алдынча жарандыктан ажыратып коюу демилгелери көтөрүлдү. Популизм маселелелерди чечпейт. Аларды тескерисинче чоңойтуп, туңгуюкка кептеп коет.

Ошентип 2017-жыл Европада ашкере улутчулдар менен интеграцияны жактаган көз караштагылардын "кармашы" күчөбөсө, азайбаганын көрсөттү. Ал эми 2018-жылы ал атаандаштыкты сынаган жаңы окуялар күтүп турат...

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG