Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:53

Лидер айымдар Африкага кызыгууда


Тереза Мэй жана Ангела Меркел. 2018-жылдын 5-июлундагы жолугушуу.
Тереза Мэй жана Ангела Меркел. 2018-жылдын 5-июлундагы жолугушуу.

Европадагы кубаттуу эки өлкө Британия менен Германия Африкага өзгөчө көңүл бурууда. Үч күндөн бери континентти кыдырып жүргөн Тереза Мэй "Африкадагы эң чоң инвестор болобуз" деген дымактуу планын жарыялады. Ангела Меркел да Африкада жумуш орундарын көбөйтүүгө кызыгып жатат.

Миллиарддаган инвестиция тууралуу убада

Тереза Мэйдин үч күндүк сапары адегенде Түштүк Африка Республикасынан башталды. Кейптаундагы мектепке барганда аны окуучулар бий менен тосуп алышты. Премьер да кызыгып, кошула бийледи. Бул мекениндегилердин баарына эле жага берген жок. Аны "олдоксон экен" деп сындап жатышат.

Тереза Мэй Кейптаундагы мектепте.
Тереза Мэй Кейптаундагы мектепте.

Бирок Мэйдин кадамдары континенттегилерге жагып атат. Ишкерлерди ээрчите барган британ премьери Африка менен карым-катнашты болуп көрбөгөндөй өнүктүрөөрүн жарыялады.

- Бүгүн жаңы дымагыбыз тууралуу жарыялайын. 2022-жылга чейин Британия "Чоң жетидеги" Африканын эң чоң инвестору болушун каалайм. Миллиарддарды инвестициялаган британ жеке компанияларынын жетекчилиги менен Африканын экономикасы триллиондорго өсөт. Бизде бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Соода жана өнүгүү конференциясынын маалыматына караганда, 2016-жылы Британиянын Африкага жумшаган түз инвестициясы 55,5 млрд. доллар болгон. Кошмо Штаттардыкы 57 млрд. долларга жакындаган. Континентте иш жүргүзүп, алдыга чыгыш үчүн Британияга АКШ эле эмес, Кытай, Франция сыяктуу да ири инвесторлор менен атаандашканга туура келет.

Африкадагы алты өлкө менен соода келишимдерин жаңыртууну чечкен Тереза Мэй Евробиримдиктен кол үзгөндөн кийинкисин ойлоп жатат. Британия кийинки жылдын мартында эң негизги соода өнөгү болгон Евробиримдиктен толук чыгышы керек.

Жеке ишкерлерден тышкары Британиянын бюджетинен да эл аралык жардам үчүн каражат бөлүнөт. Анын эсебинен да жардам берүү каралган. Маселен, премьер Мэй чыгаан африкалык студенттерге стипендиялык программаларды да көбөйтүүгө убада берди.

Мигранттардын агымын азайтуу аракети

Ангела Меркел жана Макки Салл.
Ангела Меркел жана Макки Салл.

Африкага көмөк көрсөтүүнүн артындагы чоң маанинин бири - миграция агымын азайтуу. Ушул максатта Европанын дагы бир кубаттуу өлкөсү Германиянын канцлери да өз өлкөсүнүн ишкерлеринин коштоосунда Африкага барды. Ангела Меркел адегенде Сенегалга түштү.

- Сенегал эгемендигин жарыялагандан бери Германия менен Сенегал өнүгүү жагында чогуу иштешти. Эми Сенегал акырындап өз экономикасын өзү көтөрүшү үчүн биз биргелешкен ишибизди акылгөйлүк менен жеке инвестицияларды өнүктүрүүгө айкалыштырышыбыз керек.Силердин өлкө жаш, ар жылы эмгек базарына 300 миң адам кошулуп, мүмкүнчүлүк издейт. Ошон үчүн силердин өлкөдө ийгиликтүү өнүгүүнү камсыз кылуу биздин кызыкчылыкка туура келет.

Сенегал президенти Макки Салл да муну кубаттап, жаштардын мекенинде иш менен камсыз болушу миграция агымын тыят деп эсептейт. Мэйден айырмаланып, Меркел Африкага мамлекет эмес, ишкерлер жардам берет деп жатат. Ал эми өкмөт континентте Европа өлкөлөрүнүн ишканалары ачылышы үчүн шарт түзүү жагын колго алат. "Ал үчүн адегенде өлкөнүн аброюн оңдоп, "Африка" десе эле терс кабылдаган түшүнүктү жоелу" деп канцлер Макки Саллга кайрылды.

Мындан ары Меркел Гана менен Нигерияга барышы керек. Батыш Африкадагы дал ушул үч өлкөдөн агылган мигранттар көбөйүп баратат.

Эл аралык миграция уюму Европадагы африкалык мигранттардын саны 4,6 млн. адам деп эсептеген. Ал эми мыйзамсыз кирип кеткендери 7-8 миллиондун тегереги деп эсептелип жүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG