Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

"Кытайдагы кыргыздарды колдоо" комитети билдирүү таратты


Анда комитет Кытайдагы саясий-тарбия берүү лагерлеринде жаткан кыргыз улутундагы кандаштарды колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.

Бирок айрым социалдык тармактарда аша чапкан, туура эмес, мыйзамсыз чакырыктар чыгып жатканын белгилеп, мындай аракеттерге жол бербөө зарылдыгын белгилешкен.

“Арабызда жүргөн башка мамлекеттин жарандарына, конокторубузга каршы зордук-зомбулук, чакырыктар мыйзамсыз жана кылмыш деп эсептейбиз. Кытайдагы кыргыздардын абалын жакшыртууга жардамдашуу тууралуу саясий кайра тарбия берүүчү лагерлерде жаткан кыргыздардын жакындары президентке кайрылышкан жана ушул тапта дипломатиялык жолдор аркылуу тактоо иштери жүрүп жатканын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Кытайлык-кыргыздарды колдоо комитети Шинжаңда болуп жаткан окуялар жалпы кытай элинин жасап жаткан иши эмес экендигин эске салат. Бул окуялар Шинжаңды башкарууга келген саясий жетекчилердин зулум саясатынын жыйынтыгы деген ишеничте”, -деп айтылат билдирүүдө.

Өткөн аптада Кытайдагы жакындарын издеген жарандар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан. Кийинчерээк Кыргызстанда “Кытайдагы кыргыздарды колдоо” комитети түзүлүп, бул маселени бийликке, коомчулукка жеткирүү максатында жыйын уюштурулган.

Бийлик алардын кайрылуусуна жооп кайтара элек. Тышкы иштер министрлиги кытайлык кыргыздар тууралуу маалыматтарды тактоого киришкенин билдирген. 5-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бишкектеги кеңсесинин алдында Кытайдагы “кайра тарбиялоочу лагерге” түшкөн кыргыз, казак жана башка улуттардын абалына көңүл бурууга чакырган акция өткөн.(BkA)

Кытайдагы кыргыздарды колдогон акция өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:13 0:00

XS
SM
MD
LG