Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:26

Казакстандык активист үй-бүлөсү Бишкекте кармалганын айтып чыкты


Жандос Алимкулов жубайы менен. (Сүрөт Мухтар Аблязовдун социалдык баракчасынан алдынды).
Жандос Алимкулов жубайы менен. (Сүрөт Мухтар Аблязовдун социалдык баракчасынан алдынды).

Бозгундагы казакстандык активист Жандос Алимкулов жубайы, энеси жана эки кызы Бишкек аркылуу Европага учаар алдында кармалганын айтып чыкты.

Мындай билдирүүнү Алимкулов "Фейсбуктагы" баракчасына калтырган. Анда учурда Киевде жүргөн активист Казакстанда үй-бүлөсү ар түркүн басымга кабылгандыктан Бишкек аркылуу Европага учууга аракет кылганын билдирген.

Бирок “Манас” аэропортунда жубайы Динара Байтасова, кыздары Фатима, Аиша жана энеси Данекүл Сарсенованы Кыргызстандын атайын кызматтары кармап кеткенин билдирүүдө.

Дал ушундай эле билдирүүнү бозгундагы казак бизнесмени Мухтар Аблязов да социалдык тармактар аркылуу жасаган.

Ал Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети кармоону Казакстандын атайын кызматы менен бирге кылып жатат деп сынга алып, Муратбек Тунгышбаевдин окуясын эске салган.

Учурда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эч кандай комментарий бере элек.

Казакстандык оппозициячыл активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевди Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 10-майда Казакстандын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү менен кармаган.

25-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоо тууралуу чечим чыгарып, ал Казакстанга 26-июнда жөнөтүлгөн.

Кыргыз бийлигинин блогерди Казакстанга өткөрүп берүү тууралуу чечимин жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар кескин сынга алган. (BkA)

XS
SM
MD
LG