Кытай бийлиги Канадага бул өлкөдө кармалган “Хуавей” компаниясынын финансылык директору, кытай жараны Мэн Ванчжоу АКШга өткөрүлүп берилсе терс кесепети болорун эскертти. Ишембиде Канаданын Кытайдагы элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылып, Ванчжоуго карата куугунтукту токтотуу боюнча нота тапшырылды.
“Хуавей” компаниясынын негиздөөчүсүнүн кызы Мэн Ванчжоу 1-декабрда Ванкуверде кармалган. АКШ бийлиги аны "америкалык санкцияларга карабай Иран менен соода жүгүртүүгө аракет кылган" деп айыптап жатат. Ошондой эле ал "АКШда бир нече финансылык компанияда мыйзамсыз схемаларды түзгөн" деп шектелүүдө.
Эгер Мэн Ванчжоу АКШга экстрадицияланып, коюлган айыптар далилденсе 60 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин "Reuters" агенттиги жазып чыкты. Азырынча Канаданын бийликтери “Хуавейдин” финансылык директорун Вашингтонго өткөрүп берүү боюнча чечим кабыл ала элек.
10-декабрда АКШда Мэн Ванчжоуну өткөрүп алуу боюнча соттук жараян улантылат.