Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:03

Дүйшөнбек Зилалиев камакка алынды (видео)


Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев "айрым мүлкүн декларацияга киргизген эмес" деп айыпталууда.

Зилалиевдин адвокаты Учкун Каримовдун айтымында, мурдагы вице-премьер кызматта турган учурунда айрым мүлкүн декларацияда көрсөткөн эмес деп Кылмыш кодексинин “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча иш козголду.

“Тергөө "Зилалиев айрым мүлкүн декларацияга киргизбей, жашырып койгон" деп жатат. Муну тергөө тактайт. Себеби тийиштүү документтер бар”,-деди Каримов.

Дүйшөнбек Зилалиев эки айга камакка алынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:44 0:00

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Дүйшөнбек Зилалиев “Манас” аэропортунда кармалды деп жазышкан. Адвокат мындай маалыматты четке кагып, Зилалиевди үйүнөн кармап кетишкенин айтып, ал сурак берип жатканын кошумчалады.

Учурда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Дүйшөнбек Зилалиевдин бөгөт чарасы каралууда. Аны УКМКнын кызматкерлерин коштоосунда сот имаратына алып келишти.

Кылмыш-жаза кодексинин жаңы редакциясына ылайык, “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча айып тагылгандардын күнөөсү аныкталса, үч жылдан беш жылга чейин, эгер ири өлчөмдө же жооптуу кызматты ээлеген адам болсо алты жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Жаңы козголгон кылмыш иши боюнча “Азаттыктын” суроосуна Зилалиев комментарий берген жок.

УКМК Зилалиевдин үйүн тинтти
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:02 0:00

Дүйшөнбек Зилалиевге былтыр 24-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси ("Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу") менен иш козголгон.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Зилалиевди бул иш боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга шарттуу соттогон.

Дүйшөнбек Зилалиев өзүнө карата адилетсиз чечим чыкканын билдирген.

Зилалиевдин бийликтеги жолу

45 жаштагы Дүйшөнбек Зилалиев кесиби боюнча милиционер. Ал укук коргоо тармагында бир нече жыл эмгектенген. Апрель ыңкылабынан соң Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары болуп турган жеринен Геология жана кен байлыктар агенттигинин жетекчилигине дайындалган. Күч кызматкерин кен байлыктар тармагына дайындоого бул агенттиктеги бир нече жетекчиге кылмыш иши козголгону себеп болгону айтылган.

Кийинчерээк Дүйшөнбек Зилалиев жетектеген агенттикке комитет макамы берилип, ага энергетика жана өнөр жай тармактары да кошулган. Бул комитетти жетектеп турганда Зилалиев Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча чехиялык "Лигласс" компаниясы менен келишим түзгөн. Бирок ал ишке ашпай токтотулган.

Ошол келишимге кол койгону үчүн Зилалиевдин дарегине көп сын айтылган. Кийин аталган компания ири долбоорду ишке ашырууга жөндөмсүз экени белгилүү болуп, өкмөт келишимди бир тараптуу жокко чыгарган. Бирок ага карабай Дүйшөнбек Зилалиев кызматынан жогорулап, вице-премьерликке дайындалган.

Ал бул кызматта турганда президенттик шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабды жетектеген. Бирок Баткен облусундагы сапарында жергиликтүү жетекчилерди бийлик талапкерин колдоого үндөгөнү ачыкка чыгып кетип, бул милдеттен бошотулган.

Бул окуядан кийин коомчулуктун талабы менен ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков Зилалиевге катуу сөгүш жарыялаган. Бул кызматтан соң былтыр ноябрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалган эле.

Зилалиевди үч жылга эркинен ажыраткан “бомба чуусунан” соң бул кызматта эки айга жетпеген мөөнөттө бошотулган болчу.

Зилалиев вице-премьер катары жооптуу милдеттерди өзүнө алып, коомчулук алдында ачык маалымат берүүдөн качпаганын журналисттер белгилешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG