Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

БУУнун Бишкектеги кеңсесинин алдында Кытай боюнча акция өтөт


Туугандарын издеген кытайлык кыргыздар. Бишкек. 2018-жылдын декабрь айы.
Туугандарын издеген кытайлык кыргыздар. Бишкек. 2018-жылдын декабрь айы.

Адам укуктарынын күнүнө карата бүгүн 10-декабрда жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Бишкекте акция өткөрөт.

Ал Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) үйүнүн алдына чыгып, "Кытайда камалды" деген жарандардын абалына көңүл бурууга чакырат.

“Адам укуктарын тебелебе, Бээжин!” деген жазуу менен чыгарын айткан активист акцияга Кытайда жакындары камалганын айткан кыргыздар да катышарын кошумчалады.

Өткөн аптада Кытайдагы жакындарын издеген жарандар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан. Кийинчерээк Кыргызстанда “Кытайдагы кыргыздарды колдоо” комитети түзүлүп, бул маселени бийликке, коомчулукка жеткирүү максатында жыйын уюштурулган.

Бийлик алардын кайрылуусуна жооп кайтара элек. Тышкы иштер министрлиги кытайлык кыргыздар тууралуу маалыматтарды тактоого киришкенин билдирген. 5-декабрда БУУнун Бишкектеги кеңсесинин алдында Кытайдагы “кайра тарбиялоочу лагерге” түшкөн кыргыз, казак жана башка улуттардын абалына көңүл бурууга чакырган акция өткөн.(RK)

XS
SM
MD
LG