Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:32

Улуттук адабият күнү белгиленет

Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте Улуттук адабият күнү белгиленет. Иш-чараны маданият, билим министрликтери, USAID агенттигинин “Келгиле, окуйбуз!” жана “Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу” долбоорлору биргелешип уюштурууда.

Элдин китеп окуу маданиятын жакшыртуу, улуттук адабиятты өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу максатын көздөгөн бул иш-чара быйыл улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналат.

Жазуучунун эстелигине гүл коюлат. Андан кийин Балдар жана жаштар китепканасында “Келгиле, Айтматовду окуйбуз!” аттуу мелдеш, суроо-жооптор уюштурулуп, Айтматовдун чыгармаларына негизделген тасмалар көрсөтүлөт. (RK)

XS
SM
MD
LG