Бокс боюнча WBA ASIA (Азия бокс ассоциациясынын) чемпиону Акжол Сулайманбек уулу кесипкөй рингдеги кезектеги беттешинде чемпиондук наамын коргоп калды.
Беттеш 8-декабрда Орусиянын Екатеринбург шаарында өтүп, Акжолдун атаандашы Филиппин аралдарынан чыккан Жон Эстрада болду. Беттеш 10 раундга созулду. Биринчи раунддан соң Жон Эстрада таамай сокку урууга аракеттенгени менен майнап чыккан жок. Беттештин жүрүшүндө Акжол бир нече жолу таамай соккулары менен өзгөчөлөндү. Натыйжада калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен, 13:0 эсебинде Акжол Сулайманбек уулу чемпиондук курун сактап калды.
Кыргызстандык мушкер Акжол Сулайманбек уулу кесипкөй рингдеги мелдештерге орусиялык "RCC boxing" промоушен уюмунун атынан катышып келет. WBA ASIA (Азиянын бокс ассоциациясынын) чемпиондук курун ушул жылдын 22-апрелде алган.
Акжол кесипкөй рингде 12 беттеш өткөрүп, бардык атаандаштарын жеңген. WBA чемпиондук курунан сырткары WBC Asia (Азиянын боксчулар кеңешинин) чемпиондук курун да тагынган. (GT).
Акжол Сулайманбек уулу "Азаттыктын" студиясында. 6-май, 2018-ж.