Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:11

Жабырлануучулар Бөдөшевди өмүр бою эркинен ажыратууну суранышты


Сот залындагы көрүнүш.
Сот залындагы көрүнүш.

Бүгүн, 10-декабрда Бишкекте Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча соттук териштирүү уланып жатат. Анда айыптоочулар шектүүлөрдүн күнөөсү толук далилденгенин билдирип, Марс Бөдөшевди ала качуу (155-берене 2-бөлүм) жана киши өлтүрүү (97-беренесинин 2-бөлүмү) боюнча 23 жылга күчөтүлгөн абалдагы түрмөгө кесүүнү соттон суранды. Ал эми анын досу Акмат Сейитовго айыптоочу тарап ала качуу (155-берене 2-бөлүм) жана кылмышка көмөк көрсөткөндүгү (30-беренесинин 2-бөлүмү) боюнча жети жыл сурады.

Жабырлануучу тараптын адвокаты Есения Рамазанова прокурордун айыпталуучу Акмат Сейитовго койгон айыбын колдоду. Ал оорлотуучу фактор катары Сейитовдун күнөөсүн мойнуна албай койгонун белгиледи. Жабырлануучу тарап Марс Бөдөшев кызды мыкаачылык менен өлтүргөнүн, күнөөсүн мойнуна албаганын эске алып, өмүр бою эркинен ажыратууну суранып жатат.

Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Марс Бөдөшев милиция бөлүмүндө Бурулай отурган бөлмөгө кирбей эле ачык турган эшиктин сыртынан сүйлөшкөнүн айтып жатат. Ал ошондой эле бычакты байпагынын кончуна катпаганын, ал күнү кыска кончтуу байпак кийип жүргөнүн айтып, Бурулайды өлтүргөнүн мойнуна албай турганын билдирген. (AiA/TSh)

XS
SM
MD
LG