Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова бийлик жетекчилерин адам укуктарын коргоого көңүл бурууга үндөдү. Бул тууралуу ал БУУнун Адам укуктары боюнча декларациясы кабыл алынганынын 70 жылдыгына арналган конференцияда билдирди.
Исмаилова президент баш болуп бардык бийлик органдары адам укуктарына чындап көңүл буруп, коррупцияга каршы күрөштү калыс жүргүзүшү зарыл экенин белгиледи. Ал ар кандай саясий көз караштарга карабастан адам укуктары корголушу керек экенин, бул жагынан президентке ишенич бар экенин кошумчалады.
- Түрмөдөгүлөр ыйга толуп турат. Тоок уурдап, казан уурдаган адамдар абакта отурат. Дал ушул маселелерге көңүл буруп, гумандашуу зарыл. Адам укуктарын кордогон адамдар бийлик өкүлдөрү катары учурда залда отурат. Алардын ордуна жаш муундун өкүлдөрү келсе болмок, - деди Исмаилова.
Бүгүн, 10-декабрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында "Адам укуктарынын жалпы декларациясы Кыргыз Республикасында конституционализмдин жана парламенттик демократиянын негизи катары" деген темада конференция өтүп жатат. Ага президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү баш болгон бийлик жетекчилери, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда. (BkA\BTo)