Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:42

11-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Бишкек.
Бишкек.

“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 11-декабрда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7,

Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7,

Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6,

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8 градус болот.

Бишкек шаарында 11-декабрда жаан жаашы күмөн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…-3°, күндүзгү жогорку температурасы +5…+7° болот. (BTo)

XS
SM
MD
LG