Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 03:48

Тиешелүү комитет Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин колдоду


Бактыгүл Жээнбаева.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети финансы министринин кызматына Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин жактырды.

Бул тууралуу парламент депутаты Таабалды Тиллаев билдирди. Маалымат боюнча тиешелүү комитеттин жыйынына ондон ашык депутат катышып, Жээнбаеванын талапкерлигин бир добуштан колдогон.

58 жаштагы Бактыгүл Жээнбаева учурда президенттин кеңешчиси болуп иштейт. Ага чейин Улуттук банк, “Айыл Банк”, Мамлекеттик ипотека компаниясы өңдүү каржы мекемелерин жетектеген.

6-декабрда финансы министри Адылбек Касымалиев өз арызы менен кызматтан кеткен. Ал бул кызматта 2015-жылдан бери иштеп келаткан. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG