Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Интернеттеги инспектор катышкан видео боюнча иликтөө башталды (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жол кыймылын уюштуруу боюнча башкармалык Интернетте тарап жаткан видеодогу инспектордун иш-аракетине байланыштуу кызматтык иликтөө башталганын маалымдады.

9-декабрь күнү НТС телеканалынын "ТВ-кайгуул" берүүсүндө терезеси караңгылатылган машинеде кыздын жардам сурап кыйкырып жаткан учуру тартылган. Анда Жол кыймылын уюштуруу боюнча башкармалыктын кызматкери бул көрүнүшкө эч кандай чара көргөн эмес. Айдоочу инспекторго "инимдин аялы чатак салып жатат" деп айтып кетип калган. Автоунаанын эшиги бир саамга ачыла калган учурда ичинен “аялы эмесмин, коё бергилечи” деп кыйкырган кыздын үнүн угууга болот. Бул видео Интернетте кызуу талкууланып жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG