Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШ элчисин чакыртты


Ванчжоу Мэн Орусиядагы инвестициялык форумга катышканда. Москва, 2-октябрь, 2011-жыл.
Ванчжоу Мэн Орусиядагы инвестициялык форумга катышканда. Москва, 2-октябрь, 2011-жыл.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Бээжиндеги элчисин чакыртып, ага "Хуавей" компаниясынын финансылык директору Мэн Ванчжоунун Канадада кармалышы боюнча нааразылыгын билдирди.

"Xinhua" мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлагандай, Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Ли Юйчэн 9-декабрда Американын элчиси Терри Бранстед менен жолугушууда Мэн Ванчжоунун кармалышын негизсиз деп мүнөздөп, АКШдан аны кармоо тууралуу ордерди жокко чыгарууну талап кылды.

Андан мурда Кытайдын бийлиги Канаданын Бээжиндеги элчисин да чакыртып, ушундай эле нааразылыгын билдирген.

"Хуавей" компаниясынын 46 жаштагы топ-менежери 1-декабрда Канаданын Ванкувер аэропортунда кармалган. Буга АКШнын Мэн Ванчжоуга "Иран боюнча санкцияларды буйтап өтүүгө аракет кылган" деп айып койгону себеп болгон.

АКШнын бийлиги "Хуавейди" "гонконгдук офшордук компанияны колдонуу менен Иранга жабдыктарын сатып келген" деп айыптап жатат. Кытай бийлиги бул дооматтарды четке кагууда.

XS
SM
MD
LG