Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 11:17

Зилалиевдин байлыгы тууралуу маалымат берилди


Зилалиевдин байлыгы тууралуу маалымат берилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:04 0:00

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин камалышы боюнча түшүндүрмө берди. Баштапкы тергөөнүн жыйынтыгына караганда Зилалиев банкта сактаган ири суммадагы каражатынын булагын декларацияда көрсөткөн эмес. 9-декабрь күнү мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Ага Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-10 беренеси (“Мыйзамсыз баюу”) боюнча иш козголгон. Аны 8-декабрда УКМКнын кызматкерлери кармаган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG