Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:55

Орусияда мурдагы полиция кызматкери 56 аялды өлтүргөнү үчүн соттолду


Михаил Попков сот залында. 10-декабрь, 2018-жыл.
Михаил Попков сот залында. 10-декабрь, 2018-жыл.

Орусияда 22 аялды өлтүргөнү үчүн үч жыл мурда өмүр бою абакка кесилген мурдагы полиция кызматкерине дагы бир сот өкүмү чыкты.

Иркутсктун соту 10-декабрдагы өкүмү менен 54 жаштагы Михаил Попковго дагы 56 аялды өлтүргөнү үчүн экинчи ирет өмүрүнүн акырына чейин абакка кесүүнү, аны сержант наамынан ажыратууну чечти.

Орус медиасында "Ангарск маньягы" деген атка конгон Попков Орусиянын тарыхындагы эң коркунучту киши өлтүргүч катары мүнөздөлүп келет.

Чыгыш Сибирдеги Ангарск шаарында полиция кызматкери болуп иштеген Михаил Попков 2012-жылы кармалган. ДНК текшерүүлөрү анын 1997-жылы үч аялдын зордукталып өлтүрүлүшүнө тиешеси бар экенин көрсөткөн.

2015-жылы ал 1994-жылдан 2000-жылга чейинки аралыкта 22 аялды өлтүргөнү үчүн жана дагы эки аялды өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн өмүрүнүн акырына чейин абакка кесилген.

Былтыр март айында ага дагы 59 аялдын өлүмү боюнча жаңы айып тагылган. 10-декабрда сот аны 56 аялдын өлүмү боюнча күнөөлүү деп тапты. Тергөөчүлөр калган үч кылмыш орун алганын далилдей алышкан жок.

XS
SM
MD
LG