Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Евробиримдик Донбасстагы шайлоо боюнча тогуз кишиге санкция салды


Европа Биримдиги Украинанын чыгышындагы жикчилдердин өткөн айдагы шайлоосун уюштурууга тиешеси бар делген тогуз адамды "кара тизмеге" киргизди. Мындай чечим уюмдун тышкы иштер министрлеринин 10-декабрда Брюсселде өткөн жыйынында кабыл алынды.

Тизмеге Донбасстагы жикчилдердин лидерлери, жергиликтүү кеңештердин башчылары да кошулду. Евробиримдиктин министрлери бул адамдар "Украинанын аймактык бүтүндүгү, суверендүүлүгү жана көз карандысыздыгына шек келтиргени" үчүн санкцияга кабылганын айтышты.

Жалпысынан Евробиримдик мүлкүн камакка алуу же уюмдун аймагына кирүүгө тыюу салуу чечимин чыгарган орусиялык жана украиналык жарандардын саны 164кө жетти.

11-ноябрда өздөрүн Донецк жана Луганск элдик жумурияттары (“ДНР” жана “ЛНР”) деп атаган жикчилдер “элдик кеңештерди” (парламенттерин) жана аймак башчыларын шайлашкан. Анын жыйынтыгы менен "ДНРдин" башчылыгына Денис Пушилин, "ЛНРге"Леонид Пасечник шайланган.

Расмий Киев, Евробиримдик жана АКШ баштаган бир катар өлкөлөр бул шайлоону айыпташкан. Шайлоодон кийин "ДНРдин" жаңы лидери Денис Пушилин Москва менен тыгыз кызматташтык уланарын ишара кылган.

XS
SM
MD
LG