Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:06

Сурамжылоо ысымы көп аталган беш депутатты аныктады


Жогорку Кеңештин жыйындар залы.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

“Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” кыргыз парламентинин ачыктыгы жана катардагы тургундар үчүн жеткиликтүүлүгү тууралуу сурамжылоо жүргүздү.

Анын жыйынтыгында сурамжылоого катышкандардын дээрлик 70% депутаттар менен байланышуунун жолдору тууралуу кабары жок экенин айтып беришкен. Калгандары кат жазып, коомдук кабылдамага кайрылып, Жогорку Кеңештин Интернеттеги сайтына кирип же социалдык түйүндөр аркылуу байланышса болорун айтышкан.

“Депутаттардын арасынан кимиси көбүрөөк ачык?” деген суроого респонденттердин 78% жооп берүүдөн баш тартышты.

Ал эми ысымы көбүрөөк аталган бешөөнө Акаев Жанар (КСДП), Дастан Бекешев (КСДП), Рыскелди Момбеков (КСДП), Аида Касымалиева (КСДП) жана Алманбет Шыкмаматов ("Ата-Мекен") кирди.

Социологиялык сурамжылоо 23-октябрдан 5-ноябрга чейинки аралыкта Бишкек, Ош шаарларында жана бардык облустарда телефон аркылуу жүргүзүлдү. Ага жалпысынан 1600 адам катышты. (RK)

XS
SM
MD
LG