Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:31

АКШ: Орусия “Түндүк агым - 2” аркылуу Батышка басым көрсөтүп жатат


Газ куурларын оңдогон жумушчу. Орусия.

АКШ "Орусия Украинаны Европадан алыстатыш үчүн “Түндүк агым - 2” долбоору аркылуу Батышка басым көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө аракет кылууда" деп эсептейт. Бул тууралуу АКШнын энергетика маселелери боюнча жогорку кызматтагы дипломаты Фрэнсис Фэннон билдирди.

Анын бул билдирүүсү Европа лидерлерин аталган газ кууру боюнча макулдашууну же токтотуп, же өзгөртүүгө чакырган акыркы аракет болуп калды.

“Түндүк агым - 2” долбоору Украина менен Польшаны айланып өтүп, Балтика деңизинин түбү аркылуу Германиянын түндүк-чыгыш жээгине Орусиянын газын алып келет. Ал Москва Берлинге түз сата ала турган көгүлтүр отундун көлөмүн азыркыдан эки эсе көбөйтө турган долбоор.

Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү жана Вашингтон "бул долбоор Москванын Батыш Европага таасирин күчөтөт" деп эсептегендиктен анын ишке ашырылышына каршы чыгып келет. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG