Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Президент Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт


Сооронбай Жээнбеков.

14-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Анда айтылгандай, бул жолку жыйында «Кыргызстанда санарипти өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» маселе каралат.

Жээнбеков президенттик ишине киришкенден кийин Коопсуздук кеңешинин биринчи жыйынын быйыл 8-февралда өткөрүп, сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча талкуу болгон.

Жыйынтыгында 45 иш-чарадан турган чечим кабыл алынган. Анын ичинде мурда-кийин токтотулган жана кыскартылган кылмыш иштерин кайрадан карап чыгуу, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү өңдүү чаралар камтылган.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев кабыл алынган чечимдердин аткарылышы тууралуу журналисттерге утур-утур маалымат берип келет. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG