Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 06:38

Бурулайдын иши: Айыпталуучулар акыркы сөзүн айтты


Айыпталуучулар Марс Бөдөшев жана Акмат Сейитов.

Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча соттук иште тараптардын жарыш сөзү аяктады. Айыпкер Марс Бөдөшев сотто акыркы сөзүн айтып жатып 4-майдагы ала качууну мойнуна алган жок. Андан тышкары кырсык болгон 27-майда да кыздын өзү менен сүйлөшүп алып кеткенин айтты.

Ал эми досу Акмат Сейитовдун ишин судьядан жакшылап карап берүүнү суранды. Сейитов өзү соттон калыс чечим чыгарууну жана ишти кайра тергөөгө жиберүүнү өтүндү.

Ишти Бишкек шаардык Свердлов райондук соту карап жатат. 10-декабрдагы жараянда прокурор айыпкер Марс Бөдөшевге Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (“Ала качуу”) жана 97-беренеси (“Киши өлтүрүү”), ал эми Акмат Сейитовго Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси (“Кылмыш кылууга көмөк көрсөткөн”) боюнча айып койгон.

Мамлекеттик айыптоочу тарап соттон Бөдөшевди 23 жылга күчөтүлгөн режимдеги түрмөгө кесүүнү, Сейитовду жети жылга эркинен ажыратууну сураган.

Жабырлануучу тарап Марс Бөдөшев кызды мыкаачылык менен өлтүргөнүн, күнөөсүн мойнуна албаганын эске алып, өмүр бою эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген. (AiA\BTo)

Айыптоочу Бөдөшевди өмүр бою кесүүнү суранды
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:11 0:00

XS
SM
MD
LG