Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:26

Майлуу-Суу: жолдогу аска айдоочуларды басып калышы ыктымал


Кырсык коркунучу келип чыккан жердеги сүрөт. 11-декабрь, 2018-жыл.
Кырсык коркунучу келип чыккан жердеги сүрөт. 11-декабрь, 2018-жыл.

Майлуу-Суу - Сары-Бээ автоунаа жолунда жарылган аскадагы таш кулап түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу “Азаттыкка” Майлуу-Суу шаарынын мэри Мурадил Маматов билдирди.

- Жолдун курулушу толук бүткөрүлбөй, каражат жоктугунан былтыр күзүндө токтоп калды. Автоунаа өтүүчү жолдо аскадан таш кулоо коркунучу жаралууда. Ушул жылдын май айында өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов келип көрүп, тийиштүү жактарга билдирем деген. Андан бери биз Транспорт жана жолдор министрлигине жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бир нече жолу кат менен кайрылдык. Бирок маселе чечилген жок жана министрдин сөзү орундала элек, - деди Маматов.

2017-жылдын жаз айларында Майлуу-Суу - Сары-Бээ жолуна көлөмү 5 млн. куб метрлик жер көчкү түшүп, автоунаа жолуп жаап калган. Мындан улам өкмөт тарабынан 800 метр жаңы жол курууга 22 млн. сом каралып, №38 жол тейлөө ишканасы тарабынан 10 млн. сомдук жол куруу жумуштары аткарылган.

Калган каражат ушул кезге чейин которулбай турат. Бирок былтыркы жылдын май айында жарым-жартылай бүткөн унаа жолу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусунда расмий түрдө ачылып, пайдаланууга берилген. Сары-Бээ айылында 3 миңден ашык адам жашайт. (RsK)

XS
SM
MD
LG