Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Тажикстанда небересин тирүүлөй көөмп салган аял 18 жылга кесилди


18 жылга абакка кесилген Хожара Ашурова.
18 жылга абакка кесилген Хожара Ашурова.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун тажик кызматы кабарлагандай, Тажикстандын Хатлон облусунун соту Абдурахмон Жоми районунун тургуну, 58 жаштагы Хожара Ашурованы үч жаштагы небересин өлтүргөнү үчүн 18 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен өкүм чыгарды.

Бул окуя быйыл 12-сентябрда Абдурахмон Жоми районунун Навобод кыштагында болгон.

Хожара Ашурова үч жашар небересин жаны бар кезинде эле көөмп, бирок ал али кыймылдап жатканын көргөндөн кийин өлтүргөн. Жаш баланын денеси алты күндөн кийин табылган.

Хожара Ашурова тергөө учурунда небересин өз келини Гүлсанам Боймуродованы жек көргөнүнөн улам өлтүргөнүн моюнга алган.

Хатлон облусунда кайнене менен келиндин тирешүүсү өлүмгө алып келген окуя буга чейин да болгон. 2015-жылы жайында Кубодиен районунда эки келини кайненесин өлтүрүп, өлүгүн өрттөп, дарыяга ыргытып жиберишкен. (UE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG