Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Казакбаев: Бабанов-Атамбаев-Жээнбеков сүйлөшүүсү болгон (аудио)


Руслан Казакбаев.
Руслан Казакбаев.

Парламенттеги “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты, саясатчы Өмүрбек Бабановдун тарапташы Руслан Казакбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айткандары боюнча “Азаттыкка” комментарий берди. Казакбаев Атамбаевдин айткандарынын баары чындык экенин, Бабанов боюнча бир нече ирет мурунку да, азыркы да бийлик менен саясий сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн билдирди:

- Эмне үчүн сыртка чыгып кеткени айтылды. Ал жерде саясий сүйлөшүүлөр болгон. Ошол кезде мамлекеттин коопсуздугун, элдин биримдигин сактоо жана жаңы бийликтин ишине жолтоо болбош үчүн сыртка чыгып кеткенин экс-президент ачык айтыптыр. Жаңы президент менен да бул маселе сүйлөшүлгөнү, үчилтик сүйлөшүүлөр болгону, ал келишимдердин баарын Бабанов так аткарганы, бирок Бишкек тараптан маселе чечилбей калганы ачык айтылды. Эми кандай болорун убакыт көрсөтөт. Мен ал саясатка келер-келбесин айта албайм. Аны Бабанов өзү чечет. Эч кандай күнөөсү жок, Бабанов жакын арада кайтып келиши керек.

Руслан Казакбаев Өмүрбек Бабанов күнөөсүз экенин башынан бери эле айтып келгенин кошумчалады.

Казакбаев: Бабанов-Атамбаев-Жээнбеков сүйлөшүүсү болгон (аудио)

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Апрель ТВ” телеканалындагы маегинде мурдагы премьер-министр, былтыркы президенттик шайлоодо утулуп калган Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери жабылышы керек экенин айтты. Ал Бабанов шайлоо өнөктүгү маалында кастыкты козутууну көздөбөгөнүн кийинки кадамдары менен далилдегенин билдирди. Экс-президент Атамбаев Бабановго козголгон иштер жабылышы керек экенин жаңы президент Сооронбай Жээнбековго да айтканын белгилеген.

"Республика" партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, учурдагы президент Сооронбай Жээнбековго утулуп калган.

Ошол эле жылы 4-ноябрда "анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет" деген негизде Башкы прокуратура иш козгоп, материалдарды УКМКга өткөрүп берген. Ошондой эле ага карата "бийликти басып алууга даярдык көрүү" деген айып менен да иш козголгону кабарланган.

Бул айыптоолорду четке каккан Бабанов өлкөдөн чыгып кетип, кийин депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG