Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:16

Жумгалда акимдин орун басары сүзгөн киши каза болду


Ички иштер башкармалыгынан алынган сүрөт.
Ички иштер башкармалыгынан алынган сүрөт.

Жумгал районунун акиминин орун басары Бакытбек Женалиев ВАЗ 2121 маркасындагы автоунаасы менен жөө адамды сүзүп алган. Ал ошол эле райондун Көк-Ой айылынын тургуну экени аныкталып, кырсык болгон жерден райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жетип каза болгон.

Нарын облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча окуя 10-декабрда саат 18:30 чамасында болгон. Маалыматта айтылгандай, акимдин орун басары Көк-Ой айылынын чыга беришиндеги жолдон чыга калган жылкылардан качмакчы болуп рулду башкара албай калган. Анын айынан автоунаа жолдон чыгып, тротуардан батышты көздөй бараткан жөө жүргүнчүнү сүзгөн.

Кырсыкка кабылган автоунаа райондук мамлекеттик администрацияга тиешелүү. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. (MiK)

XS
SM
MD
LG