Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:35

Францияда кол салуудан кеминде үч адамдын өмүрү кыйылды


Страсбург. Окуя болгон жер.
Страсбург. Окуя болгон жер.

Францияда кол салуудан кеминде үч адам курман болуп, 12 адам жабыркады. Окуя бир нече саат мурда өлкөнүн чыгышындагы Страсбург шаарында майрамдык балатынын жанында болду.

Кол салган адам ким экени аныкталды, бирок ал полициянын огунан жарадар болгону менен качып кетүүгө үлгүргөн.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, кылмышкер мурда соттолгон жана ал экстремисттердин тизмесинде болгон.

Полиция коомдук коопсуздукту камсыз кылуу операциясы жүрүп жатканын айтып, шаар тургундарын көчөгө чыкпай турууну өтүндү.

Страсбургдагы Рождество майрамына карата уюштурулуучу балаты жармаңкеси - туристтерди көп тарткан иш-чара. Ага жыл сайын жүз миңдеген адам келип катышат. (RK)

XS
SM
MD
LG