Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет


Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

Бүгүн 12-декабрь – кыргыздын чыгаан уулу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Бишкекте жазуучунун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралар өтөт.

Жыл ичинде Кыргызстандын бардык аймактарында жана чет мамлекеттерде да адабият ышкыбоздору жазуучуну эскеришти.

“Азаттык” радиосу "Мен билген Айтматов" деген сынак өткөрдү. Ага жалпысынан кыргыз жана орус тилиндеги 100дөн ашуун блог, бир нече аудио жана видеолор келди.

Алардын ичинен залкар замандашыбыздын бейнесинин белгисиз жактарын баяндаган, анын чыгармаларын, каармандарын жаңыдан ачып берген аңгеме, блогдор көп түштү.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында туулган. Ал совет доорунда эле “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” сыяктуу мыкты роман-повесттери менен дүйнөгө таанылган.

Чыңгыз Айтматов мамлекеттик иштерге да жигердүү катышып, СССРдин Люксембургдагы элчиси болуп кызмат өтөгөн. СССР таркагандан кийин Кыргызстандын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү элчиси болуп иштеп келди. Жазуучу 2008-жылы 10-июнда, Германияда дарыланып жаткан жеринен көз жумган.

Айтматовдун туулган күнүнүн урматына 12-декабрь Кыргызстанда Улуттук адабияттын күнү деп жарыяланган. (RK)

XS
SM
MD
LG