Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:12

Рак менен ооругандар үчүн дары сатып алууга каражат жыйналат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Онкологиялык дартка чалдыккандардын чыдагыс оорусун басаңдатуу үчүн дары сатып алууга каражат чогултула баштайт. Бүгүн Бишкекте «Эргэнэ» фонду жана Паллиативдик жардам ассоциациясы «Жакыныңа жардам» кайрымдуулук кечесин өткөрөт.

Дары-дармек Токмок, Жалал-Абад, Ош шаарларынын паллиативдик жардам бөлүмдөрүнө жана Улуттук онкология борборуна өткөрүлөт.

“Эргэнэ” фондунун жетекчиси Таалайгүл Сабырбекованын айтымында, өлкөдө ооруну басаңдатуучу, таасири күчтүү дарыга муктаждык жылына 16-18 кг түзөт, бирок болгону 1,5 кг гана пайдаланылат:

- Онкологиялык бейтаптардын оорусун басаңдатуу - мамлекеттин милдети. Бирок жөнгө салуучу документтердин чийкилиги, маалыматтын жетишсиздиги жана каржылык чектөөлөр бейтаптардын дары менен камсыз болуусуна жолтоо кылууда.

Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун маалыматына караганда, былтыр Кыргызстанда 3501 адам рактан (өсмөдөн) каза тапкан. Алардын ичинен 2800 адам ооруну басаңдатуучу морфин, фентанил деген каражаттарга муктаж болушкан.

«Жакыныңа жардам» кайрымдуулук кечеси 12-декабрда саат 18:00дөн 20:00гө чейин Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын кичи залында өткөрүлөт. (RK)

XS
SM
MD
LG