Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:42

Орусияда кыргызстандык айдоочу адам өлүмү үчүн айыпталууда


Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда кыргыз жараны адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы үчүн айыпталып жатат. “Азаттыкка” түшкөн маалыматка караганда, окуя 7-декабрда Москва облусунун Химки шаарында болгон.

«Мособлгоравто» ишканасына таандык автобусту айдап бараткан кыргызстандык 37 жаштагы Камчыбек Осмоканов улгайган аялды сүзүп кеткен. Бирок баштапкы териштирүүдө кыргызстандык мигрант жол эрежесин бузбаганы, жөө жүргүнчү жолду светофордо кызыл жарык күйүп турганда өтүп баратып, автобус келе жатканда качып кетүүгө үлгүрбөй калганы аныкталган.

Жабыркаган аял эртеси күнү реанимацияда көз жумган. Кылмышка шектүү айдоочу 6-февралга чейин полициянын тергөө абагына камалды. (LzT)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG