Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:09

Бабановдун ишин парламентте талкуулоо сунушталды


Максат Сабиров.
Максат Сабиров.

Жогорку Кеңештеги “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Максат Сабиров Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иши боюнча парламентте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Башкы прокуратуранын маалыматын угууну сунуш кылды. Ал парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып буга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы билдирүүсү негиз болорун айтты.

- Экс-президенттин сөзүндө “Өмүрбек Бабановго саясий куугунтук боюнча бир топ маселени кайра карап чыкса болот” деп айтылды. Аны Жогорку Кеңеш карап, угуп койбосок болбойт. Анткени "саясий куугунтукта бир топ адамдар бар" деп айтып жатабыз. Өмүрбек Бабанов жөн эле көчөдө жүргөн эмес. Президенттик шайлоодо экинчи орунду алган адам, - деди Сабиров.

Эл өкүлүнүн сунушу түштөн кийин добушка коюлганы калды. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Апрель ТВ” телеканалындагы акыркы маегинде былтыркы президенттик шайлоодо утулуп калган Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери жабылышы керек экенин айтты. Ал Бабанов шайлоо өнөктүгү маалында кастыкты козутууну көздөбөгөнүн кийинки кадамдары менен далилдегенин билдирди. Экс-президент Атамбаев Бабановго козголгон иштер жабылышы керек экенин жаңы президент Сооронбай Жээнбековго да айтканын белгилеген.

"Республика - Ата Журт" фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, учурдагы президент Сооронбай Жээнбековго утулуп калган.

Ошол эле жылы 4-ноябрда "анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет" деген негизде Башкы прокуратура иш козгоп, материалдарды УКМКга өткөрүп берген. Бабановго "бийликти басып алууга даярдык көрүү" деген айып менен да иш козголгону кабарланган.

Бул айыптоолорду четке каккан Бабанов өлкөдөн чыгып кетип, кийин депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG