Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:14

“Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү” фестивалы башталат


Архив.
Архив.

Бүгүн Бишкектеги “Манас” кинотеатрында VIII эл аралык “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү” кинофестивалы башталат. Бул жолу сынакка 500дөн ашык тасма түшкөн. Анын ичинен улуттук сынакка 15, эл аралык сынакка 14 фильм тандалып алынган.

Сынактын жүрүшүндө залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата театралдык оюндар да коюлат.

Жыйынтыгында “Мыкты фильм”, “Мыкты режиссёрдук иш”, “Калыстардын атайын белеги” жана “Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон фильм” деген сыйлыктар ыйгарылат.

“Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү” фестивалы 15-декабрда жыйынтыкталат. (BTo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG