Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 18:03

Токтогул району: Маданият үйүндөгү 11 700 китеп күйүп кетти


Торкент айылындагы күйүп кеткен маданият үйү.

Токтогул районунун Торкент айылындагы маданият үйү өрттөнүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, тилсиз жоо 11-декабрдан 12-декабрга караган түнү чыккан. Анын кесепетинен болжол менен маданият үйүнүн 455 чарчы метр аянты күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылган. 1948-жылы курулган маданият үйүнүн бир бөлмөсү китепкана катары колдонулган. Анын ичиндеги 11 700 даана китеп жана мүлк толугу менен өрттөнүп кеткен.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токтогул райондук өрткө каршы күрөшүү жана куткаруу бөлүгү өрттүн себебин жана зыянын тактап жатат. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG