Бишкектин Аламүдүн райондук сотунда Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө байланыштуу милиция кызматкерлерине карата козголгон иш каралып жатат. Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн беш кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгү ("Ишке шалаакы мамиле") менен иш козголгон. Алар үй камагына чыгарылган. Учурда милиция кызматкерлери сурак бере баштады. Алардын төртөө күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, бирөө такыр мойнуна алган жок.
Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө байланыштуу 23 милиция кызматкери жазаланып, 13ү иштен бошотулган. Бул иш боюнча 11-декабрда соттолгон Марс Бөдөшев жана Акмат Сейитов да күбө катары көрсөтмө беришет.
Буга чейин иш Жайыл райондук сотунда каралып, бирок жабырлануучу тарап сотко ишенбестик көрсөткөндүктөн Аламүдүн райондук сотуна өткөрүлгөн.
11-декабрь күнү Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Санжар Чотонов Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү үчүн айыпталган Марс Бөдөшев менен анын досу Акмат Сейитовду күнөөлүү деп тапкан. Сот Бөдөшевди Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (“Ала качуу”) жана 97-беренеси (“Киши өлтүрүү”) боюнча 20 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесип, үй-мүлкүн конфискациялоого өкүм чыгарды. Анын досу Акмат Сейитов Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси (“Кылмыш кылууга көмөк көрсөтүү”) боюнча 7 жылга эркинен ажыратылды.
Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген. (TSh/AiA)
Пикирлерди көрүңүз (2)
дагы пикирлерди жүктөө